Дагы бир алтын. Балбан Мээрим Жуманазарова Азиянын эки жолку чемпиону болду

Бүгүн, 9-апрелде Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште алтын медаль жеңди .

Ал 68 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдешти чейрек финалдан баштаган. Алгачкы беттешинде кыргызстандык балбан Вьетнамдын өкүлүн 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалда Кытайдын спортсменин курч жана чыңалган кармашта уткан.
Ал эми чечүүчү финалдык баскычта дүйнөлүк рейтингдин лидери — Япониянын өкүлү, Азия жана дүйнө чемпиону (65 кг) Мива Морикава менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

9 Апрель 2026 жыл 20:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча