Дагы бир кыргыз балбаны Азия чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандык балбан Афтандил Таалайбек уулу Бишкек шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Ал 63 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдешти чейрек финал баскычынан баштады. Алгачкы беттешинде кыргызстандык спортчу Япониянын өкүлүн жеңип, жарым финалда Түркмөнстандын балбанынан 10:0 ири эсебинде жеңди.

Афтандил Таалайбек уулу 7-апрелде алтын медаль үчүн күрөшөт. Финалдагы атаандашы кийинчерээк аныкталат.

6 Апрель 2026 жыл 19:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча