Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатынан коло медаль утту

Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатынан коло медаль утту. Ал армениялык спортчу Арман Андреасян менен беттешип 8:2 эсебинде жеңишке жетти. 

Балбандын дүйнө чемпионатынан жалпы жонунан үч медалы бар.

Белгилей кетсек, эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Хорватияда өтүп жатат. Балбандар 70 килограмм салмак категориясындa кармашты. 

14 Сентябрь 2025 жыл 23:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча