11-июлга караган түндө жарым финалдык баскычтын дагы бир катышуучусу аныкталат.
Инглвудда (Калифорния штаты, АКШ) Испаниянын жана Бельгиянын курама командалары ойношот. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
Бул жуптун жеңүүчүсү чейрек финалда Мароккону 2:0 эсебинде жеңип алган Франциянын курама командасы менен ойнойт.
Беттештердин жүгүртмөсү
1/4 финал
11-июль
01:00 Испания — Бельгия
12-июль
03:00 Норвегия — Англия
07:00 Аргентина — Швейцария
1/2 финал
15-июль
01:00 Франция — Испания-Бельгия жубунун жеңүүчүсү