IOI 2026 олимпиадасы: Кыргызстандык окуучулар 4 медаль жеңип алды

Кыргызстандын курама командасы Ташкентте өткөн 38-Эл аралык информатика олимпиадасында (IOI 2026) тарыхый жыйынтык көрсөттү.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 9-16-август күндөрү өткөн мелдешке 97 өлкөдөн окуучулар катышты. Кыргызстандын төрт өкүлү тең медаль жеңип, команда 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болду. Алар:

  • Рамазан Мананов – «Амбассадор Интернешнл Скул» эл аралык мектеби;
  • Алихан Айдарбеков – «Амбассадор Интернешнл Скул» эл аралык мектеби;
  • Абдуллахан Абдирасулов – «Амбассадор Интернешнл Скул» эл аралык мектеби;
  • Ян Бобрус – «Газпром Кыргызстан» мектеби.

Командалык эсепте Кыргызстан 97 өлкөнүн ичинен 20-орунду ээледи. Бул көрсөткүч Кыргызстандын IOIге катышуу тарыхындагы эң мыкты командалык жыйынтык катары бааланууда.

17 Август 2026 жыл 9:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча