Иса Исаков дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

Кыргызстандын жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Иса Исаков Словакияда өтүп жаткан 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал квалификациялык баскычта Армениялык Арен Айрапетянды 7:2 эсебинде жеңди.

Кийинки баскычта Индиялык атаандашы Кумар Рохиттини 10:1 эсебинде ишенимдүү утуп, чейрек финалда Япониялык Такуто Оседого 0:10 эсебинде утулуп калган.

Көңүл жубатуучу беттеште Канадалык Карсон Виллиам Браунду, 6:1 эсебинде утуп, коло медаль үчүн күрөшүүгө жолдомо алды.

Соңку беттеште Польшалык Иван Оксюк менен килемге чыгып, 13:2 эсебинде коло медаль тагынды.

24 Август 2026 жыл 10:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча