Көк бөрү боюнча аялдардын алгачкы командасы түзүлдү, бирок федерация буга каршы. Себеби

Кыргыз Республикасында көк бөрү боюнча аялдардын алгачкы командасы түзүлдү, бирок федерация буга каршы.

Чүй облусунун Сокулук районунда көк бөрү боюнча өлкөнүн биринчи аялдар командасы түзүлдү. “Сары-Өзөн” деп аталган команда ат минүүгө жана улуттук оюнга ышкыбоз сегиз кыздын башын бириктирет.

Команданын биринчи машыгуусу 27-сентябрда болуп өттү.

Уюштуруучулардын айтымында, жаңы билдирмелер азыртадан түшө баштаган жана алар команданы кеңейтүүнү пландап жатышат. Мүчөлөр аялдар арасында ат спортун кеңири жайылтуу жана улуттук оюндун жаңы багытын өнүктүрүү негизги максаты экенин белгилешет.

Бирок Көк-бөрү федерациясы бул демилгеге тиешеси жок экенин жана расмий түрдө колдобой турганын баса белгиледи. Федерация өкүлдөрүнүн айтымында, көк-бөрү аялдын менталитетине туура келбеген оор жана кооптуу спорт.

Ошол эле учурда жаңы команда өзүн профессионал эмес, ышкыбоз катары көрсөтүүдө.

2 Октябрь 2025 жыл 17:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча