Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Азиянын төртүнчү жолку чемпиону болду (Видео)

Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалында кыргыз балбаны Акжол Махмудов Азиянын төртүнчү жолку чемпиону болду.

Ал ирандык Али Забихолла Оску менен беттештип, аны 3:3 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, балбандар грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта алтын медаль үчүн күч сынашышты.

7 Апрель 2026 жыл 20:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча