Адина Самыйбек кызы дүйнөлүк Гран-при мелдешинде байгелүү орундарды ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Марокконун Рабат шаарында 19–26-апрель күндөрү жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк Гран-при мелдеши өттү.
Анда Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Адина Самыйбек кызы спорттун эки түрү боюнча байгелүү орундарды ээледи.
Спортчу ядро түртүү боюнча 3-орунду, ал эми диск ыргытуу боюнча 2-орунду камсыздады.