Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды.
Мелдеш 6-12-апрель күндөрү «Жаштык Арена» спорттук комплексинде өттү.
Чемпионатка Азиянын 31ден ашык өлкөсүнөн 350дөн көп балбан катышып, бул ири спорттук окуялардын бири болду.
Кыргызстандын курама командасы бардык багыттар боюнча жакшы жыйынтык көрсөттү. Грек-рим күрөшүндө балбандар 4 алтын медаль утуп, командалык эсепте 2-орунду ээледи.
Кыз-келиндер күрөшүндө 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль менен команда 4-орунга жайгашты.
Ал эми эркин күрөш боюнча 4 коло медаль менен 5-орун камсыздалды.