Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Зафарбек Камилов Стамбул шаарында (Түркия) өткөн “Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament” аттуу эл аралык турниринде күмүш медаль тагынды.
Спортчу 55 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Финалга карай жолдо Камилов жогорку чеберчилигин көрсөтүп, ринг ээлеринин эки өкүлүн удаасы менен жеңип алды: алгачкы беттешинде Баран Киркозлерди, ал эми кийинки баскычта Нихат Адиянды артта калтырды.
Алтын медаль үчүн болгон чечүүчү кармашта кыргызстандык мушкер Олимпиада оюндарынын коло байге ээси, түркиялык Семин Кумуш менен кез келди. Тилекке каршы, беттеш учурунда колунан жаракат алып, таймашты улантууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Жаракатына байланыштуу беттешти токтотууга мажбур болгонуна карабастан, Зафарбек Камилов экинчи орунду ээлеп, мелдештин күмүш медалын тагынды.
Маалымат үчүн:
Ахмет Комерт атындагы эл аралык турнир (Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament) Стамбул шаарында 29-марттан 5-апрелге чейин өттү. Аталган мелдеш 34-жолу салттуу түрдө дүйнөнүн күчтүү боксчуларын чогултуп, быйылкы сезондун негизги мелдештерине даярдык көрүүнүн маанилүү этабы болуп саналат.