Индонезияда өтүп жаткан бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандан дагы үч спортчу чейрек финалга чыкты.
«World Boxing» боюнча 19 жашка чейинки спортчулар арасындагы турнир ушул күндөрү Жакарта шаарында өтүүдө.
Турнирдин экинчи күнүндө 1/8 финалдык этаптын 22 беттеши өттү. Рингге Кыргызстандан төрт спортчу чыгып, алардын үчөө жеңишке жетип, чейрек финалга жолдомо алышты.
Алар:
55 кг чейин
Даниэл Таштанбеков — Адитя (Индия) — 0:5
60 кг чейин
Умар Орусбаев — Тенгис Амаржаргал (Моңголия) — 0:5
65 кг чейин
Элдияр Тенисбеков — Фафд Элсави (БАЭ) — Тенисбековдун экинчи раунддагы жеңиши.
75 кг чейин
Хёсу Рюсэй (Жапония) — Арваз Ахмади — 0:5 (28-29, 27-30, 27-30, 27-30, 27-30)