Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Мэттью Хабиновски менен жолугушууда кыргызстандык көк бөрүчүлөрдүн АКШдагы алгачкы эл аралык турнесин уюштуруу мүмкүнчүлүгүн сунуштады.
Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушууда ошондой эле салык салуу маселелери жана эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташтык, маданий-спорттук байланыштарды өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды.
Шыкмаматов АКШнын Юта, Техас жана Монтана штаттарында 50-60ка жакын спортчу жана командалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда мелдештерди жана маданий иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.
Анын айтымында, мындай турнир көк бөрүнү эл аралык деңгээлде жайылтууга, кыргыз жана америкалык ат маданиятын жакындатууга жана эки өлкөнүн маданий байланыштарын чыңдоого өбөлгө түзөт.
Өз кезегинде Мэттью Хабиновски мындай демилгеге кызыкдар экенин белгилеп, АКШда ат спортуна, ат минүүгө жана жылкы чарбачылыгына кызыгуу жогору экенин айтты.
Тараптар кызматташтыкты улантууга жана сунушталган багыттарды мындан ары талкуулоого макулдашты.