Кыргызстандык параатлеттер Япониядагы мелдештен байгелүү кайтты
Японияда өткөн Asia Triathlon Para Championships & Para Cup мелдеши жыйынтыкталып, кыргызстандык параатлеттер мыкты жыйынтык көрсөттү.
PTVI категориясы боюнча:
Гулназ Жузбаева — алтын медаль;
Дастан Камчибеков — күмүш медаль;
Жалалдин Абдувалиев — коло медаль.
PTWC категориясы боюнча:
Сезим Мейманбаева — күмүш медаль утту.
Белгилей кетсек, Сезим Мейманбаева триатлон боюнча мелдешке биринчи жолу катышып, байгелүү орунга ээ болду.