Кыргызстандык спортчу шахмат боюнча Азия чемпионатында коло медаль жеңди

4–15-апрелде IPCA уюмунун колдоосу астында майыптыгы бар адамдар арасында шахмат боюнча Азиянын биринчи чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан жалпы 25 спортчу катышты.

Чемпионатка шахмат боюнча Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары Тилеген Рахатбеков жана Баястан Асангазиев эл аралык аренада өлкө намысын татыктуу коргошту.

Классикалык шахмат түрү боюнча Тилеген Рахатбеков жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүп, 3-орунду ээледи.

15 Апрель 2026 жыл 10:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча