Кыргызстандык жаш боксчу Индонезиядагы жаштар арасындагы Азия чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандык жаш боксчу Алмаз Орозбеков Индонезиядагы жаштар арасындагы Азия чемпионатынын финалына чыкты.

23 жашка чейинки спортчулардын арасындагы турнир Жакарта шаарында өтүүдө. Жарым финалдык баскычтын беттештери 12-июлда өттү.

Орозбеков 75 кг чейинки салмак категориясында рингге чыгууда. Анда жалпысынан 7 спортчу катталган.

Кыргызстандык спортчу 10-июлда 1/4 финалда Кытай Тайбэйинин өкүлүн жеңип, ал эми жарым финалдык беттеште Өзбекстандын спортчусун 5:0 эсебинде уткан.

16-июлда боло турган финалдык беттеште Орозбековго Казакстандын өкүлү Аман Консбеков атаандаш болот.

13 Июль 2026 жыл 15:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча