Бүгүн, 23-ноябрь күнү Кыргызстандын U-18 айымдар курама командасы Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын — CAFA U-18 Women’s Championship эл аралык мелдешинин экинчи туру алкагында Түркмөнстанга каршы кез келди.
Белгилесек, Ташкент шаарында орун алып жаткан бул мелдешке Кыргызстандан сырткары Иран, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан курама командалары катышууда.
Бүгүнкү беттеш курама командабыздын 1-0 эсебиндеги ишенимдүү жеңиши менен аяктады. Жалгыз голдун автору — Сайкал Чыныбаева (78′).
Испаниялык адис Антонио Месанын жетекчилиги алдындагы биздин курама бул мелдештин алкагында буга чейин Иран курамасын 1-0 эсебинде уткан. Ал эми, кураманын кийинки беттеши оюн талаа ээлерине — Өзбекстанга каршы 27-ноябрь күнү орун алат.