Кыргызстандын тоолорунда дайынсыз жоголгон үч альпинист изделүүдө

Кыргызстандын тоолорунда Курумду чокусуна чыгууга аракет кылган үч альпинистти издөө-куткаруу иштери уланууда. Алардын арасында Беларустун эки жараны — Максим Полянский жана Николай Свиридов, ошондой эле Литванын жараны Сергей Рубцов бар.

Альпинисттер 4-августта белгиленген убакта көзөмөл пунктуна кайтып келбей, байланышка чыкпай калган.

Издөө иштерине ӨКМдин беш куткаруучусу, Чек ара кызматынын беш кызматкери жана Швейцариядан келген эки ыктыярчы-гид тартылган. Ошондой эле издөөдө дрон колдонулууда.

Беларустук эки альпинист буга чейин бардык беш жети миңдик чокуну багындырган спортчуларга берилүүчү «Ак илбирс» («Снежный барс») наамынын ээлери экени айтылды.

10 Август 2026 жыл 11:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча