Кыргызстандын жаш волейболчулары Азия чемпионатында Сауд Арабиясын утуп, жеңишке жетишти

Кыргызстандын волейбол боюнча жаштар курама командасы Кытайда өтүп жаткан Азия чемпионатында алгачкы жеңишине жетишти.

18 жашка чейинки оюнчулардан куралган командалар арасындагы мелдеш ушул күндөрү Хайкоу шаарында өтүп жатат. Ага жалпысынан 16 курама команда катышууда.

Бакыт Алиевдин жетекчилиги астындагы Кыргызстандын курама командасы тайпалык этапта 4-орунду ээлеп, андан ары 9-16-орундар үчүн беттешти уланткан.

17-июлда кыргызстандыктар Сауд Арабиясынан келген атаандаштары менен беттешип, 3:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишти.

Эми кыргызстандык спортчулар Казакстан-Австралия жубунда утулган команда менен 13-орун үчүн оюн өткөрүшөт.

17 Июль 2026 жыл 10:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча