Лионель Месси 17-ирет “Алтын топ” сыйлыгына көрсөтүлдү

 Аргентиналык футболчу Лионель Месси 17-ирет “Алтын топ” сыйлыгына ат салышууда.

Интерфакс маалымдагандай, сыйлык жыл жыйынтыгы боюнча мыкты футболчуга ыйгарылат.

Месси – “Алтын топтун” сегиз жолку жеңүүчүсү. Ал бул сыйлыкка карьерасында 17-жолу көрсөтүлүүдө. Ал эми португалиялык футболчу Криштиану Роналду бул сыйлыкка 18 жолу көрсөтүлүп, беш ирет “Алтын топтун” ээси болгон. Быйыл ал тизмеге кирген эмес.

Белгилей кетсек, «Алтын топ» Лондондо 26-октябрда берилет.

9 Сентябрь 2026 жыл 10:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча