Мушкер Марсель Нурланбек уулун айылдаштары өзгөчө сый менен тосуп алды

Арменияда өткөн аралаш мушташ (ММА) боюнча Hype FC 28 турниринде жеңишке жеткен спортчу Марсель Нурланбек уулун айылдаштары өзгөчө сый менен тосуп алды.

Жакындары дасторкон жайып, аксакалдардан бата алышты. Ошондой эле мушкерге аргымак мингизишти.

Белгилесек, Нурланбек уулу Ереванда өткөн Hype FC 28 турниринде казак атаандашы Еркебулан Токтарды уткан.

4 Апрель 2026 жыл 12:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча