Бахрейн Падышалыгынын борбору Манама шаарында өтүп жаткан III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык спортчу Рамазан Тянгубер джиу-джитсу боюнча биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Кыргызстандык спортчу 69 килограмм салмак категориясында күч сынашып, мелдештин алтын байгесине ээ болду.
Джиу-джитсу боюнча мелдештер 29-октябрда башталып, 30-октябрда аяктады. Таймаштар Манама шаарындагы Exhibition World Bahrain (EWB) конгресс-көргөзмө борборунда өттү.