25-26-октябрда Бишкекте Saikou X Lush Boxing Promotions компаниясы уюштурган профессионалдык бокс мелдеши өттү. Мелдешке Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн мыкты мушкерлер катышып, алардын арасында WBA Asia, WBA жана IBF версиялары боюнча титулдук беттештер да орун алды. Негизги беттештердин бири болгон 74 килограмм салмакта кыргызстандык Самат Кыргыз” деген каймана аты менен белгилүү мушкер Самат Абдрахманов Зимбабведен келген Брендон Денес менен рингге чыгып, утуп алды. Ал эми андагы Саматтын башынан тартып ишенимдүү техникасы жана так соккулары көрүүчүлөрдүн кубанычын жаратканы жана кеченин эң негизги учурларынын бири болгону маалымдалды.
Белгилей кетсек, мелдеште Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Жапония, Аргентина, Филиппин, Таиланд, Мексика, Уганда жана Зимбабведен келген мушкерлер беттешти. Ал эми уюштуруучулардын айтымында бул мелдештердин негизги максаты Кыргызстанда профессионалдык боксту өнүктүрүүгө жасалган кадамдардын бири.
Маалымдалгандай, Saikou X Lush Boxing Promotions Бишкекте экинчи жолу профессионалдык бокс мелдешин өткөрүп жатат. 20-июлда өткөн беттеште Олимп оюндарындакүмүш медаль алган Мунарбек Сейитбек уулу Угандадан келген мушкер Коннрад Серуенгени утуп алган.