Самбо боюнча Азия чемпиону: Кыргызстандын курамасы 7 медаль алып, байгелүү орундарды багынтты
Филиппиндин Манила шаарында өткөн спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Азия жана Океания чемпионатында Кыргызстандын курама командасы ийгиликтүү катышып, байгелүү орундарды багынтты.
Мэриядан билдиришкендей, Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин (ОРАБӨМ) тарбиялануучулары мелдеште өлкөнүн намысын татыктуу коргоп, бир нече алтын жана коло медалдарга ээ болушту.
Чемпионаттын жеңүүчүлөрү (алтын медаль):
Дастан Исаков – күжүрмөн самбо, 64 кг;
Эмир Жаныбеков – күжүрмөн самбо, 98 кг;
Илья Сухинин – спорттук самбо (жаштар арасында), +98 кг;
Артур Сансызбеков – спорттук самбо (чоңдор арасында), 98 кг.
Коло медаль ээлери:
Нурислам Памиров – спорттук самбо (жаштар арасында), 88 кг;
Никита Ворошилин – спорттук самбо (жаштар арасында), 98 кг;
Жусуп уулу Кайрат – спорттук самбо (чоңдор арасында), 64 кг.