Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалга татыды.
Спортчу грек-рим стилинде 67 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдешти чейрек финал баскычынан баштады. Алгачкы беттешинде Бейшекеев кореялык спортчу менен кез келип, 5:1 эсебинде жеңишке жетти. Жарым финалда кыргыз балбаны ирандык спортчуну 9:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.
Алтын үчүн беттеште кыргыз балбаны япониялык спортчуну 8:2 эсебинде артта калтырып, Азиянын чемпиону аталды.
Белгилей кетсек, ушул күндөрү Бишкектеги «Жаштык» аренада спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Мелдешке жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулууда.