Ulaanbaatar рейтингдик мелдеш: Кыргызстандын капчыгында дагы эки медаль кошулду

Монголияда өткөн Open Ulaanbaatar рейтингдик мелдеште Кыргызстандын капчыгында дагы эки медаль кошулду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, эркин күрөш боюнча балбандар Аден Сакыбаев коло байгеге, Рустамжан Кахаров күмүш медалга ээ болушту.

Кахаров 70 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, алгачкы беттешинде жердеши Аден Сакыбаевди 6:1 эсебинде жеңип, чейрек финалда казакстандык Родион Анчугинди 4:3 эсебинде утуп алды. Жарым финалда монголиялык Усухбаатар Баатархууну 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Ал эми финалда монголиялык Тулга Тумур Очир менен беттешмек, бирок алган жаракатынан улам килемге чыга албай, күмүш медалдын ээси болду.

Аден Сакыбаев 70 кг салмак категориясында күч сынашып, алгачкы беттешинде Рустамжан Кахаровго 1:6 эсебинде жеңилип калды.

Жубатуучу беттеште Сакыбаев казакстандык Родион Анчугинди 8:0 эсебинде ишенимдүү жеңди. Ал эми коло медаль үчүн беттеште монголиялык Усухбаатар Баатархууну 4:3 эсебинде жеңип, рейтингдик турнирдин коло медалын багындырды

8 Июнь 2026 жыл 10:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча