Жапаров Өзбекстандын президентине Манас орденин тапшырды

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиеевди I даражадагы Манас ордени менен сыйлады.

Сыйлоо аземи 30-июлда Чолпон-Ата шаарында Өзбекстандын президентинин мамлекеттик сапарынын алкагында өттү. Жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлык өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого кошкон салымы үчүн ыйгарылган.

Мамлекет башчыларынын жолугушуусу «Рух-Ордо» маданий борборунда расмий тосуп алуу аземи менен башталды. Анда эки өлкөнүн мамлекеттик туулары көтөрүлүп, мамлекеттик гимндер жаңырып, Ардак кароол тизилди.

Андан соң Жапаров менен Мирзиеев Ардак кароолду кыдырып өтүп, расмий делегациялардын мүчөлөрү менен таанышты. Расмий аземден кийин эки өлкөнүн лидерлери боз үйдө бетме-бет сүйлөшүүгө өттү. Жолугушуунун алдында биргелешип сүрөткө түшүштү.

30 Июль 2026 жыл 16:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча