Жаш балбан Иса Исаков дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты

Кыргызстандык спортчу Иса Исаков Словакияда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.

20 жашка чейинки спортчулар арасындагы турнир Братислава шаарында өтүүдө.

Исаков 65 кг салмак ченинде күч сынашып, мелдешти 1/16 финалдан баштаган. Ал биринчи беттешинде армениялык атаандашы — 2026-жылдагы Европанын вице-чемпионун жеңип, андан соң Индия өкүлүн утту.

Эми Исаков чейрек финалда жапониялык балбан менен күрөшөт.

21 Август 2026 жыл 17:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча