Жоламан Шаршенбеков Венгриядагы рейтингдик турнирде алтын медаль тагынды

Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан «Polyak Imre, Varga Janos & Kozma Istvan Memorial» эл аралык рейтингдик турниринде Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков алтын медаль жеңип алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

«60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан алгачкы беттешинде америкалык Далтон Робертсти 4:0 эсебинде тушеге жыкты. Андан соң 1/8 финалда Азербайжандын өкүлү Элмир Алиевди 10:0 эсебинде, чейрек финалда египеттик Махмуд Саадды 9:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда өзбекстандык Алишер Ганиевди 9:2 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.

Алтын медаль үчүн беттеште Жоламан Казакстандын балбаны Ернур Фидахметов менен күрөшмөк. Бирок атаандашынын жаракат алгандыгына байланыштуу финалдык беттеш өткөн жок. Жыйынтыгында Жоламан Шаршенбеков рейтингдик турнирдин жеңүүчүсү аталып, алтын медалга ээ болду»,-депа йтылат маалыматта.

20 Июль 2026 жыл 11:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча