Жылдызбек Абылбеков грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Жылдызбек Абылбеков грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында 2-орунду ээледи. Бул тууралуу UWW сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 58 килограммга чейинки салмак ченинде (Grappling Gi) финалда казакстандык Алихан Алшынбайга утулуп калды.

Буга чейин дагы бир кыргызстандык Константин Ли (100 кг, Грэпплинг Ги) коло байгеге ээ болгон.

Сербиянын Нови-Сад шаарында грэпплинг боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө.

17 Октябрь 2025 жыл 10:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча