«1 саат күтүп жатабыз дешти». Депутат Бишкектеги жүргүнчүлөрдүн маселесин көтөрдү

Бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакытбек Марипов Бишкектеги коомдук транспорт маселесин көтөрдү.

«Коомдук транспорттордун аралыгы узак болуп жатыптыр. Жакындатуу керек. 1 саат күтүп жатабыз дешти. Келсе, ичинде киши көп батпай, кийинки автобусту күтүп жатабыз деди. Эртең менен кечинде аралыгын кыскартсак»,- деди ал.

Ал ошодон эле автобустарда накталай эмес төлөөдө көйгөйлөр жаралып жатканын айтты.

24 Октябрь 2024 жыл 12:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча