
Оштун Кара-Суу районунда ушул жылдын 3-май күнү үрөй учурган окуя катталган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 37 жаштагы келиндин апасы кайрылып, соттун чечимине нааразы болуп жатканын айтты.
Апасынын айтымында, окуя 3-майда Ошто катталган. Анда келинге 35 жаштагы күйөөсү тарабынан 10 жолу бычак сайылган. «Кызым 2015-жылы экинчи жолу турмушка чыккан. Жолдошу экөөнүн ортосунда никелешүү тууралуу эч кандай документ болгон эмес. Кызымдын биринчи турмушунан 2 баласы бар. Булар 2021-жылга чейин чогуу жашашып, 3 балалуу болушту. Ушул убакыт аралыгында деле кызым токмоктолуп үйгө качып келип жатты. Бирок жолдошу келип, ыйлап, жалынып кайра алып кетет эле. Акыркы жолу бөтөлкө менен башка урган экен. Кызым башынан жаракат алган. Окуя болгон күнү кызым биздин үйдө болчу. Кыздары менен уктап жаткан жерине кирип, бычак сайды. Кызымдын жанында неберем бар эле. Ал бычак сайылып жатканын көрүп, чаңырган экен. Ошондо кызым күйөөсүнүн колунан чыгып, качып кеткен. Көчөгө чыгып, кошуналардан жардам сураган. Алар Тез жардам чакырып, аман алып калышкан. Мен жаракаттарды көрүп, санаганым, экспертиза 10 жолу бычак сайылганын көрсөттү. Анын бешөө терең болчу, бешөө анча терең эмес. Кызым 4 күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. 8 күн дегенде өпкөсүнө кирген канды тазалашты. 8 күндөн кийин оорукана чыгарып коюп, менчик ооруканада дарыланды. Бардык документ колумда. Сот аффект абалында болгон деп 2 жыл 3 ай берди. Азыр ал 6 айдан бери СИЗОдо жатат. Ары жакта 1 жылдан ашып-ашпаган убакыт абакта жатат да чыгат. Ал чыкса мени жана кызымды өлтүрүп кетиши мүмкүн. Мен ушундан чочулап жатам», — деди эне.
Анын айтымында, кызы учурда Орусияда ден соолугу менен күрөшүп жүрөт.
Окуя боюнча Ош облустук соту төмөндөгүдөй маалымат берди. «Кара-Суу райондук сотунун 2023-жылдын 19-октябрындагы чечиминин негизинде шектүү Кылмыш-жаза Кодексинин 37-беренесинин 1-бөлүгү — 123-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 3 айга эркиндигинен ажыратылып, жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленген.
Анын бөгөт коюу чарасы өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз, камактагы бойдон калтырылып, белгиленген жазаны өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 4-майынан тартып эсептелүүсү көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, жабырлануучунун пайдасына 109 миң 661 сом материалдык зыян жана 100 миң сом моралдык зыян өндүрүлүүсү милдеттендирилген.
Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренесинин 1-бөлүгү — 123-беренесинин 1-бөлүгүнүн квалификациялык белгилери: аффект абалында адам өлтүрүүгө аракеттенүү болуп саналат. Аталган берененин санкциясында, үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган. Бирок Кылмыш-жаза Кодексинин 75-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, кылмышка аракеттенү үчүн жазанын мөөнөтү, тиешелүү беренеде каралган жазанын катуу түрүнүн эӊ жогорку мөөнөтүнүн төрттөн үчүнөн ашык болбоого тийиш. Тактап айтканда, айыпталуучуга карата коюлган берене боюнча жазанын эң жогоркусу белгиленген. Өкүмгө нааразы тарап 30 сутка ичинде Ош облустук соту апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу», — деп айтылат сот тараткан маалыматта.
Буга чейин жабырлануучунун бир тууганы дагы нааразылык билдирген.