100 миң сомго чейинки насыяны жубайынын макулдугусуз берүү сунушталды

Улуттук Банк 100 миң сомго чейинки насыяны жубайынын макулдугусуз алууга уруксат берүүнү сунуштады. Документ башкы банктын сайтына жайгаштырылган.

Буга чейин 50 миң сомдон ашык насыя алганда аялынын/күйөөсүнүн макулдугу талап кылынчу. Учурда бул суммага чейинки насыялар күрөөсүз берилгендиктен сумманы 100 миң сомго чейин чыгаруу максатталууда.

«Учурда кардардын жолдошунун/жубайынын кредит алууга макулдугу 50 000 сомдон жогорку суммада талап кылынат. Мында кредиттөө системасын өнүктүрүүгө жана оптималдаштырууга байланыштуу, анын ичинде кредиттерди берүүдө автоматташтырылган системалар колдонулуп жаткандыктан кардардын жолдошунан/жубайынан макулдук алынуучу кредиттердин суммасын көбөйтүү зарылчылыгы келип чыгууда», — деп жазылат маалыматта.

Чектөө жубайлардын биринин күнөөсү менен үй-бүлө финансылык оор абалга кабылган учурларды токтотууга багытталганы кошумчаланды.

Булак: Спутник

18 Июнь 2024 жыл 11:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча