Ысык-Көлдө 5 дарыгердин бир күндө жумуштан кетиши — медицина үчүн коңгуроо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанарбек Акаев билдирди.
«Дарыгерлерибизди карабай таштап салдык, чүнчүп кетти. Баарыбыз биригип медиктерди коргойлу. Элде дарыгерлерди ур-токмокко алса болот экен деген түшүнүк пайда боло баштады. Ушундай темп менен кете берсе бүбү-башкыларга күнүбүз түшөт”, — деди депутат.