Америкада президенттик шайлоо башталды

АКШда биринчилерден болуп Нью-Гэмпшир штатындагы Диксвилл-Нотч конушундагы шайлоо участогу ачылып, жабылды. Талапкерлер бирдей добушка ээ болгонун РИА Новости CNN каналына тыянуу менен жазды.

«Вице-президент Камала Харрис менен экс-президент Дональд Трамп Нью-Гэмпшир штатындагы кичинекей Диксвилл-Нотч конушунда үчтөн добуш алып, президенттик шайлоого старт берилди», — деп айтылат маалыматта.

Диксвилл-Нотч — Нью-Гэмпширдин түндүгүндөгү Америка-Канада чек арасына жакын жайгашкан конуш. 1960-жылдан бери анын шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча түнкү 12де биринчи болуп ачылып, добуш берүү бүткөндөн кийин жабылат.

Добуштар саналган соң жыйынтыгы дароо чыгарылып, ушунусу менен кызыгуу жаратып келет. Конушта болгону алты тургун бар.

Президенттик шайлоо анык бир лидер аныкталбастан өтүп жатат.

Демократтардан Камала Харрис, ал эми республикачылардан Дональд Трамп ат салышууда.

Алдын ала жүргүзүлгөн сурамжылоо экөө бири-биринен анча алыс кетпегенин көрсөткөн.

5 Ноябрь 2024 жыл 14:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча