Арстан Алай каза болгон абактын жетекчиси Кайрат Рымбеков анын сүлгү менен электр чайнегинин шнуруна асынып алганын айтты.
«5-январь эртең мененки саат 05:15те болуп жатат. Тактап айтканда, 05:15те асынып алганы маалым болуп жатат. Асынып алган нерселер — сүлгү жана электр чайнегинин шнуру. Өзүнүн оорусуна байланыштуу тиешелүү бөлүмгө жайгаштырганбыз. Жетекчиликтен абактын аймагында чуркоого уруксат сураган. «Тер чыкканда башымдын ооруганы басылып калып жатат» деген. Уруксат берилген»,- деди ал.