Бакыт Мамаевге операция жасалды

Обончу, аткаруучу, каскадёр Бакыт Мамаевге бүгүн, 9-ноябрда операция жасалды. Бул туурасында редакцияга ырчынын жакыны Нуркыз Рыскул кызы билдирди.

«1 саат 15 мүнөткө созулган операция ийгиликтүү болду. Азырынча Бакыт Мамаев ойгоно элек», — деди ал.

Буга чейин ырчынын жакыны каражат топтоо токтотулганын айткан. «Аз күн аралыгында элден 6500 доллар чогулду. Калган сумманы туугандары чогулттук. Бүгүн түшкү убакта операция жасалат», — деген.

9 Ноябрь 2023 жыл 19:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча