Балдарынын эң кичүүсү 6 айлык. Зомбулуктун кесепетинен 3 балалуу эне жанын кыйды

Күйөөсүнүн зомбулугуна улам, 3 балалуу жаш келин жанын кыйды. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова социалдык баракчасына жазды.

Анын айтымында жаш келиндин өз жанын кыйганына туугандары ишенбейт.

Анын 5, 2 жана 6 айлык баласы болгон.

«Азыр үч балалуу эненин туугандары чалып, күйөөсүнүнүн зомбулугуна улам, суицидке барып, каза болду деп. Анткен менен туугандары ал мындай нерсеге барышы мүмкүн деп ишенишпейт . 5, 2 жана айлык үч баласы апасыз калышты. Ээх, эгер ал бул маселе тууралуу соцтармактарга эртерээк жазса, жардам бергенге үлгүрмөк беле…»,- деп жазат укук коргоочу.

Мындан сырткары зордук-зомбулук тууралуу маалымат таратууда этият болууга чакырган Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожого да кайрылган.

«Мирлан Самыйкожо депутат катары «зордук-зомбулук жөнүндө көп жазба» деген пикириңиз аялдарды агрессорлордун күйөөлөрүнөн сактап калууга кандайча жардам берет ? Эмне үчүн аялдарды өлтүрбөө үчүн эркектерге кайрылбайсыз, мына ушул унчукпай мамиле кылуу чындыгында бардык балдардын жана аялдардын абалын начарлатат . Ошондой эле айылдарда аялдарды жана балдарды өзүнчө коргоо боюнча социалдык кызматкерлер жетишпейт!»,-деди Турдубекова.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук тууралуу маалыматтын социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылышын көзөмөлдөө керектигин Ички иштер министрлигинен суранды.

«Биз алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Мындай маалымат кайда, кандай максатта таратылып жатканын текшерүү керек. Муну Ички иштер министрлиги көзөмөлгө алышы керек. Мен мындай жаңылыктарды токтоткула дегенден алысмын, бирок булактардын максатын текшеришибиз керек. Кээде атайын жасап жаткандай сезилет. Жаманды жашырып, жакшысын кошуш керек дейт кыргыздар. Ооба, тарыхта кыргыздын аялдары менен эркектери бирдей укукта болгон. Мурдун, кулагын кесип алуу эркектик эмес. Бирок мындай маалыматты тараткандарды дагы эле текшеришибиз керек», — деди эл өкүлү.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов атайын жайылткандарга чара көрулөрүн айткан.

30 Сентябрь 2023 жыл 20:11

Тема боюнча