
«Учкун» ачык акционердик коомунун жетекчисинин орун басары Турсунбек Бейшенбеков ишкана күнүгө 10 миң нуска китеп чыгарып жатканын айтып, жакында китеп таңкыстыгы жоюлат деп ишендирүүдө.
«Учкунга» жаңы жабдуулар келип, толук модернизация иштери аяктап, учурда Билим берүү министрлиги менен тыгыз иштешип, жаңы китептерди басып чыгарып жатабыз. Мамлекет бул тармакты колго алгандан кийин китеп кризиси жакынкы күндөрү жоюлат. Экинчиден, базарда сатылып жаткан китептерден кыйла арзан болот. Азыр Билим берүү министрлиги автордук укугу өздөрүнө таандык болгон китептерди бизге берип жатат. Буйруса жакынкы күндөрү министрлик аркылуу таратып беребиз. Министрлик жалпы 1 миллион тираж китепти басып чыгарууну планга койгон. Биз убагында чыгарып жетишип жатабыз. Мурда 500дөн миң даанага чейин чыккан болсо, азыр жаңы жабдуулар келгенден кийин күнүгө 10 миңден ашык нуска китеп чыгарып жатабыз».