Бишкек-Алмата жолу убактылуу жабылды

Бишкек-Алмата жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу УКМКнын алдындагы чек ара кызматы билдирди.

Маалыматта Казакстандагы аба ырайына байланыштуу “Кордай” ашуусу жабылып, Бишкек-Алмата жолунда транспорттун жүрүүсүнө убактылуу тыюу салынганы айтылат.

Кыргызстандын Казакстан менен чек арадагы өткөрмө пункттары штаттык режимде иштеп жатат.

16 Февраль 2024 жыл 15:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча