Бишкек — Кант — Токмок унаа жолу оңдоо үчүн жабылды

Бишкек-Кант-Токмок унаа жолун оңдоо иштери башталды. Азыркы тапта жолдун 5+200-9+050 чакырымдар аралыгында (Лебединовкадан Новопокровкага чейинки бөлүгү) жер жумуштары жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Аны менен курулушка тоскоол болгон айрым объектилер алынып жатат. Тагыраагы, 3,85 чакырымга созулган жолдун бул бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүрөт.

Алдыда Бишкек-Кант-Токмок унаа жолу этап-этабы менен оңдолот. Азыркы тапта аталган унаа жолдун 14,5 км (9,05-23,55 чакырымдар аралыгын) долбоорлоо иштери аткарылууда.

Белгилей кетсек, Бишкек-Кант -Токмок жолунун жалпы 18 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. Долбоордо көпүрөнү оңдоо, эки тарабынан тротуар, унаа токтотуучу жай жана башка иштер каралган.

24 Март 2025 жыл 11:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча