Бишкек мамлекеттик университетинин ректору алмашты

Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору болуп Мирлан Дылдаев дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жаңы ректор жүргүзүлгөн тандоонун жыйынтыгы боюнча 6 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.

49 жаштагы Мирлан Дылдаев география илимдеринин доктору.

Мурда ал БМУнун экология жана башкаруу бөлүмүнүн деканы жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде доцент болгон. 2023-жылдан бери Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун директору болуп иштеп келген.

14 Март 2025 жыл 6:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча