Бишкек -Манас аэропорту унаа жолунда кырсык болуп, бир адам каза болду

Кечээ, 3-июнда Бишкек – ​​Манас аэропорту унаа жолунда күн жол кырсыгы каттталды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 17:00дө ЗИЛ-130 жүк ташуучу унаасы менен “Фольксваген Гольф” үлгүсүндөгү унаа кагышкан.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай каршы тилкеге чыгып, жеңил унаа менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен «Фольксваген Гольф» унаасынын айдоочусу каза болуп, жүргүнчүсү ооруканага жаткырылган.

4 Июнь 2024 жыл 13:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча