Бишкек шаарынын мэринин жаңы орун басары дайындалды

Рамиз Алиев Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка калаа мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Буга чейин Бишкек мэринин орун басары кызматын Жыргалбек Шамыралиев ээлеген. Ал кызматынан өз каалоосу менен бошотулду.

Ал эми Рамиз Алиев буга чейин «Тазалык» муниципалдык ишканасын жетектеп келген.

6 Май 2024 жыл 20:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча