Бишкекте айдоочу экинчи айдоочуну сабап салган

Бишкекте айдоочулардын ортосунда мушташ чыкканын милициядан билдиришти.

Окуя 27-августта Жибек Жолу менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Арыздануучунун айтымында, аны Тойота Камри унаасынын айдоочусу сабап салган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен катталган. 1987-жылы туулган жаран милицияга жеткирилген. Ал алардын ортосунда кайым айтышуу болгонун билдирген.

30 Август 2024 жыл 9:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча