Бишкекте эне кызы менен дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
18-октябрда Биринчи Май РИИБге жаран кайрылып, 1982-жылы туулган эжеси Орозбаева Нургүл Мурзакуловна жанан анын 2019-жылы туулган кызы Нурлан кызы Айбийке ошол эле күнү үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып барбаганын билдирген.
Кимде-ким сүрөттөгү жарандарды көргөндөр болсо, 0(312) 56-60-43, 0704 102-702, 0507 692 261, 0709 62 63 56 номурларына чалсаңар болот.

