18-август күнү Чүй — Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Анын видеосу интернетке жарыяланды.
«01KG852APT» номурлуу «Мерседес 320» унаасын башкарып бара жаткан Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкери катуу ылдамдыкта жолду кесип өтмөкчү болуп, Чүй менен келе жаткан автомобиль менен кагылышкан.
Министрлик учурда Бишкек шаардык милициясы тергөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирди.