Бишкекте убактылуу каттаган №15 троллейбустук каттам жабылды

1-июндан тарта Асанбай кичи районунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин убактылуу каттаган №15 троллейбустук каттам жабылды. Бул тууралуу мэрия блдирди.

Мындай чечим каттамдын рентабелсиздигинен жана айдоочулардын жетишсиздигинен улам кабыл алынды.

«Жүргүнчүлөрдүн агымы аз, айрыкча жай мезгилинде жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү студенттер эс алууга кетти», — дейт мэрия.

Андан тышкары,  №15 маршрутту кайталаган башка автобустук каттамдар жетиштүү.

1 Июнь 2024 жыл 8:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча