Бишкектеги россиялыктардын басымдуу бөлүгү Владимир Путинге добуш берген

Бишкектен добуш берген россиялыктардын басымдуу бөлүгү Владимир Путинге добуш берген. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Эскерте кетсек, Россияда 15-17-март күндөрү президенттик шайлоо өтүп, ага төрт талапкер катышты. Акыркы күнү Кыргызстандын төрт шаарында да шайлоо участкалары ачылып, добуш берчүлөрдүн узун кезеги жаралган.

Акыркы маалымат боюнча, Россияда добуштардын 99,01 пайызы саналып бүттү. Анда добуштардын 81 пайызына ээ болуп Владимир Путин алдыда. Экинчи орунга 13 пайыз менен Владислав Даванков чыкты. Калган 1,5 пайызы Николай Харитоновду, 0,7 пайызы Леонид Слуцкийди шайлаган.

18 Март 2024 жыл 15:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча