Бишкектен Ошко унаа уурдап кетүүгө шектүү кармалды

Бишкек шаарында унаа уурдоого шектелген жаран кармалганын Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 15-майга караган түнү белгисиз адамдар Манас проспектисинде токтоп турган анын “Фольксваген Гольф 3” үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкен.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автотранспорт каражатын уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Биринчи Май РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары бир нече жолу соттолгон 1992-жылы туулган К.А. Ош облусунун аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция кызматкерлери уурдалган унаа Ош облусунун аймагында экенин аныкташкан. Учурда унаа ээсине өткөрүлүп берилди. Тергөө уланууда.

2 Июнь 2024 жыл 9:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча